Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланды.
Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, бул:
- сумманын 65,3 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен;
- ал эми 108,6 млн доллары башка күнгө эсептешүү менен сатылган.
2025-жылы Улуттук банк 5 жолу валюталык интервенция жүргүздү:
- Биринчи интервенциясын КРнын Улуттук банкы 13-январда ишке ашырып, келишимлин суммасы 79 миллион АКШ долларын түзгөн.
- Экинчи интервенция 158,3 миллион АКШ долларын түзүп, 29-апрелде болгон.
- Үчүнчү интервенция 26-майда болуп өттү. Анда Улуттук банк валюта рыногунда 59,8 миллион доллар сатты.
- Төртүнчү – 15-сентябрь күнү. Интервенциянын көлөмү 81, 5 млн АК4Ш долларын түзгөн.
- Бешинчи – 1октябрь күнү. Улуттук банк валюта рыногуна 38 млн АКШ доллар сатты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы быйыл тескери интервенцияларды жүргүзгөн эмес.
2020-жылдан 2024-жылга чейин Улуттук банк 99 интервенция жүргүздү. Жөнгө салуучу орган валюта рыногуна 2,9 миллиард доллар сатты.
Валюталык интервенциялар сомдун алмашуу курсунун ашыкча өзгөрүүлөрүн тегиздөө жана ички валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо максатында ишке ашырылат.

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек