Улуттук банк кепилдик фонддордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу эрежелерин жаңылады. Эмне өзгөрдү?

Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
2025-жылдын 27-июнунда КРнын Улуттук банк Башкармасы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алды.
Документ Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын КРнын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан:
- 2025-жылдын 27-январындагы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына маалыматка жетүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
- 2025-жылдын 27-январындагы «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.
КРнын Улуттук банкынын 2024-жылдын 28-февралындагы «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтому менен кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалды:
«Кепилдик фонддор өз ишин кардарлардын финансылык келишимдер боюнча милдеттенмелерине кепилдик берүү жолу менен, ошондой эле финансы-кредиттик уюмдар/эл аралык финансылык уюмдар менен түзүлгөн келишимдердин алкагында жүзөгө ашырат. Мында каржылоо деп финансы-кредиттик мекеме/эл аралык финансы институту тарабынан кредитти, ислам принциптерине ылайык каржылоо же аларды алмаштыруучу уюмдар тарабынан банктык кепилдик, лизинг, соодалык каржылоо же факторингдик каржылоо түрүндө берүү түшүндүрүлөт.»;
3-пункттун 1-бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалды:
«Кардар - финансылык-кредиттик уюмдан/эл аралык финансы уюмунан коммерциялык каржылоону, бюджеттик кредитти алган жеке ишкердик менен алектенген юридикалык же жеке жак - Кыргыз Республикасынын жараны ипотекалык каржылоо же бир бөлүгү кепилдик менен камсыз болгон мамлекеттик программа же долбоор боюнча каржылоо алынган.»;
3-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалды:
«Кепилдик ишмердүүлүк – кардарлар үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүчү жана кепилдиктерди берүү жолу менен финансы-кредиттик уюмдардын/эл аралык финансы уюмдарынын кредиттик тобокелдигинин бир бөлүгүн кыскартууга багытталган иш.»;
7 жана 8-бөлүмдөр төмөнкүдөй мазмунда толукталды:
«Финансы-кредиттик уюмдар - банктар, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар, аларга КРнын Улуттук банкы тарабынан берилген лицензиялардын негизинде банктык операцияларды жүргүзүүгө укуктуу, ошондой эле ААК «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» жана бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган кепилдик фонд менен кызматташуу келишимин түзгөн».
Токтомдо Кепилдик фонддор кайра каржылоо кепилдиктеринин ченине ылайык келүүгө тийиш экендиги белгиленген. Мындан тышкары, Улуттук банктын өзгөртүүлөр киргизилген бардык ченемдик укуктук актыларында пункттардын бири төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:
«Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банк Башкармасынын сотко даттанылган чечимдерин жана «Маалыматка жетүү укугу жөнүндө» КРнын мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу чечимдерди кошпогондо, Улуттук банктын бардык чечимдери сотко чейинки даттанууга жатат».
Улуттук банктын токтому расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Документ тууралуу кененирээк шилтеме аркылуу кирип таанышсаңыз болот.
Эске салсак, 2023-жылдын ноябрь айында «Кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү» тууралуу КРнын Улуттук банкынын токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.
Ал эми «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Улуттук банкынын токтом долбоору 2025-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.