КРнын Улуттук банкы кредиттик союздун Финансы компанияларынын ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө, тагыраагы кредиттик союздарга эле эмес, жеке жана юридикалык жактарга да кредит берүү укугун берүүчү токтом долбоорун даярдады.
Экономика жана коммерция министрлиги санариптик платформалар аркылуу иштеген жеке айдоочулар жана курьерлер үчүн лицензия алуу процессин жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.
КРнын Улуттук банкы жарандарды алдамчылыктан коргоо үчүн жаңы маанилүү механизмди киргизди. 1-ноябрдан баштап жеке тараптар өз алдынча жана акысыз түрдө кредиттик келишимдерди түзүүгө убактылуу тыюу салып же ал тыюуну алып салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
КРнын Улуттук банкынын жаңы токтом долбоору төлөм уюмдары тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу процессин укуктук жөнгө салууну камсыз кылат, ошондой эле инновациялык төлөм кызматтарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп, калктын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтет.
Экономика жана коммерция министрлиги министрлер кабинетинин «Ломбарддардын ишмердүүлүгүнүн маселелери жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
МСК укук коргоо органы статусуна ээ болгон жана салыктык мыйзам бузуулар боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзө турган салык кылмыштары менен күрөшүү боюнча адистештирилген Башкармалык түзүүнү пландаштырууда.
Документ күрөөнү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү маанилүү өзгөртүүлөрдү, финансылык документтерде мамлекеттик тилди колдонууну карайт, ошондой эле Улуттук банктын эскирген терминологиясын жаңылайт.
КРнын Улуттук банкынын акча алмашуу бюролоруна ички көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул чаралар өлкөдөгү каржылык агымдарга көзөмөлдү күчөтүү, уюшкан кылмыштуулукка жана мыйзамсыз иштин башка түрлөрүнө каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.
КРнын Улуттук банкынын 2025-жылдын 14-июлундагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтому менен 2025-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилди.
Коммерциялык банктар, төлөм уюмдары, банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүчү башка юридикалык жактар белгиленген мөөнөттө мобилдик тиркемелерди, банкоматтарды жана төлөм терминалдарын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкташтырууга милдеттүү.