Кыргызстанда 2026-жылдын январынан тарта бийик тоолуу аймактардын тургундарына жөлөк пул берилет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан министрликтин Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн жөлөкпулдун жаңы түрү – «Бийик толуу аймактардын жашоочуларына көмөк» боюнча окутуу өткөрүлдү.

Кыргызстанда 2026-жылдын январынан тарта бийик тоолуу аймактардын тургундарына жөлөк пул берилет
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.  

Окутууда жөлөкпулдун бул түрү боюнча жаңы Социалдык камсыздоонун бирдиктүү системасында модулу менен иштөө көрсөтүлүп, дайындоо тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

«Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулу, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт. 

«Бийик толуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн жарандар социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз менен кайрылышы керек. Жарандардын арыздары 2026-жылдын январынан баштап кабыл алынат. 

Ал эми жөлөк пул 2026-жылдын 1-февралынан баштап 3 миң сом өлчөмүндө төлөнүп баштайт.

Министрлик эскерткендей, КРнын 2024-жылдын 6-декабрындагы «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы менен, 2026-жылдын 1-январынан тарта «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулу киргизилет.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.