Курс USD 87.31 / 87.79
Курс EUR 101.49 / 102.49
Курс RUB 1.096 / 1.130
Курс KZT 0.146 / 0.178
USD USD
87.31 / 87.79
EUR EUR
101.49 / 102.49
RUB RUB
1.096 / 1.130
KZT KZT
0.146 / 0.178

Насыялар, аманаттар, даттануулар – кыргызстандыктар Улуттук банкка кандай көйгөйлөр менен кайрылышат

КРнын Улуттук банкынын коомдук кабылдамасы калк менен кайтарым байланышта маанилүү роль ойнойт. 2025-жылдын I жарым жылдыгы ичинде Улуттук банкка, анын ичинде областтык башкармалыктарга жарандардан 4 миң 369 кайрылуулар түшкөн.
Насыялар, аманаттар, даттануулар – кыргызстандыктар Улуттук банкка кандай көйгөйлөр менен кайрылышат

Коомдук кабылдаманын иши калкка КР Улуттук банктын компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды жана консультацияларды берүүгө, ошондой эле жарандардын кат жүзүндөгү жана оозеки кайрылуулары менен иш алып барууга багытталган.

Жарым жыл ичинде 4 миң 369 кайрылуу түштү:

  • 980 жазуу жүзүндө кайрылуулар;
  • 2 миң 175 оозеки кайрылуулар;
  • 1 миң 214 электрондук кайрылуулар.

Керектөөчүлөргө бардык учурларда түшүндүрмө берилген.

Жарандардын кайрылууларында төмөнкү маселелер каралды:

  • насыялар;
  • депозиттер;
  • коммерциялык банктарга жана МФКга даттануулар;
  • валюталар курсу;
  • төлөм системалары боюнча суроолор;
  • чет элдик валюта;
  • алтын куймаларын жана тыйындарын алуу;
  • эски банкнотторду алмаштыруу.

Эске салсак, 2024-жылы КРнын Улуттук банкына жарандардан 8,8 миң кайрылуу түшкөн. Алар кредиттер, депозиттер, эски банкнотторду алмаштыруу, алмашуу курстары, акча которуулар, коллекциялык монеталар жана алтын куймалары, банк карталарына тиешелүү суроолор болгон. Ошондой эле эл алдамчылык, коммерциялык банктар, МФКлар жана лицензиялоо боюнча арызданышкан.

Коомдук кабылдамалар Бишкекте,  Улуттук банктын областтык башкармалыктарында жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүндө туруктуу негизде иштеп келет.

Коомдук кабылдама:

  • +996 (312) 61-04-86;
  • WhatsApp: +996 (501) 89-00-00

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү:

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.