Курс USD 88.65 / 89.47
Курс EUR 94.57 / 95.57
Курс RUB 0.936 / 0.970
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.65 / 89.47
EUR EUR
94.57 / 95.57
RUB RUB
0.936 / 0.970
KZT KZT
0.137 / 0.206

Кыргыз улуттук валютасы: Пайда болуу тарыхы жана өнүгүү этаптары

СССР ыдырагандан кийин суверендүү союздук республикалар түзүлө баштаган. Мындан улам Кыргызстан көз карандысыз акча-саясатын жүргүзүүсү керек болуп, анын бир куралы катары улуттук валютаны жүгүртүүгө чыгаруу болгон.
Кыргыз улуттук валютасы: Пайда болуу тарыхы жана өнүгүү этаптары

Кыргыз сомунун жүгүртүү тарыхы

Сомду жүгүртүүгө киргизүү боюнча иш-чаралар оор экономикалык каатчылыкка туш келген. Кээ бирлердин эсинде болсо керек, 1992-жылдын март-апрель айларында Кыргызстанда инфляция айына 40 пайыз болгон! Ал эми 1992-жылдын аягында республикада инфляция 900 пайыздан ашкан. Ошентип акча процессин ооздуктоо үчүн улуттук валютаны түзүү зарылчылыгы пайда болгон.

Өздүк валютага муктаждык тууралуу алгач 1992-жылы сентябрь айында парламентте өкмөттүн экономикалык реформалардын жүрүшү боюна отчету учурунда ачык айтылган. Ошентип Кыргызстан 1993-жылы Борбордук Азия жана мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп улуттук валютаны бекиткен. Анда 1993-жылдын 10-майында киргизилип, 14-майдан баштап кыргыз сому республикадагы жападан жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп калды. 

Сомдун киргизилиши Кыргызстандын өз алдынча экономикалык саясатын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көз карандысыз акча-кредит саясатын ишке ашыруунун баштапкы чекити болуп калды. Бул тарыхый чечимдин тууралыгын мезгил ырастады.

Алгачкы сомдун дизайнын түзүүчүлөр:

Улуттук валютанын сырткы көрүнүшүн талкуулоо процесси рублдан баш тартуу чечими бир отоло кабыл алынганга чейин эле башталган.  

1, 10 жана 50 тыйындык купюралардын ошондой эле 1, 5 жана 20 сомдук банкноттордун дизайнын түзүү үчүн тарыхчылардан, тилчилерден, Улуттук банктын кызматкерлеринен жана сүрөтчүлөрдөн турган чоң комиссия иштеген. Керектүү маалыматтар аз-аздан жыйналган – ал убакта интернет жок болчу. Алгач улуттук валютанын жалпы концепциясы иштелип чыгып, андан соң банкноттордун алдыңкы бетине басыла турган белгилүү инсандардын сүрөттөрү бекитилген. Банкноттордо кимдин сүрөтү көрсөтүлөөрү боюнча эч кандай пикир келишпестик болгон эмес. Дароо эле банкнотторго саясий ишмерлердин портреттерин койбоо чечими кабыл алынган.

Банкноттордун дизайнын мүмкүн болушунча тезирээк иштеп чыгуу керек болчу. Жумушчу комиссия Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жалпы жыйынында чогулуп бир пикирди көрсөтүшкөн, анда акчалар түсү боюнча айырмаланып турушу керектиги айтылган, анткени эл Советтер Союзунун көп түстүү акчасына көнө элек болчу. Ал эми тыйындар тууралуу ал убакты сөз болгон эмес.

Алгачкы эскиздер өкмөттүн эң жогорку деңгээлинде каралган. Банкноттордун акыркы варианттарын дизайнерлер Дмитрий Лысогоров жана Анатолий Цыганок түзүшкөн.

Улуттук валютаны түзүү жана аны жүгүртүүгө киргизүү этаптарында Улуттук банктын жетекчилиги жана анын кесипкөй командасы эбегейсиз роль ойногон.

1992-жыл. Солдон оңго: Дизайнер Анатолий Цыганок, менеджер De La Rue Саймон Пэлли, материалдарды компьютер менен иштеп чыгуудагы адис Майкл жана дизайнер Дмитрий Лысогоров.

Улуттук валютанын өнүгүү этаптары

30 жылдын ичинде улуттук валюта бир нече жолу жаңыртылган – 1993-жылдан 2023-жылга чейин 5 серия чыккан. Бул жылдар аралыгында кыргыз сому өзүнүн баалуулугун далилдеп, экономикалык олку-солкуга карабай туруктуулугун сактады.

1-сериядагы улуттук банкноттор

Улуттук валютанын биринчи сериясында 1993-жылы 1, 10 жана 50 тыйындык ошондой эле 1, 5 жана 20 сом номиналындагы кагаз банкноттор чыгарылган. Алар көз карандысыз суверендүү мамлекеттин биринчи акча каражаты болуп калды.

II сериядагы улуттук банкноттор

Кыргызстандын экономикасынын турукташтыруу мезгилинде 1994-1995-жылдары банкноттордун экинчи эмиссиясы ишке ашырылган. Экинчи сериядагы банкноттор 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом номиналында чыгарылган. Алар эл аралык стандарттарга ылайык, коргоо элементтерин камтыган жана биринчи чыгарылган банкнотторго караганда жасалма акчалардан алда канча ишенимдүү корголгон.

1993-жылкы үлгүдөгү банкноттор акырындык менен жүгүртүүдөн чыгарылып, 1994-1995-жылкы үлгүдөгү 1, 5, 10, 20, 50, 100 сомдук банкноттор менен алмаштырылган.
III сериядагы улуттук банкноттор

1997-жылдан баштап улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизүүнүн үчүнчү этабы башталган. (1997, 2000, 2002, 2004, 2005-жылдар). 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом номиналындагы жаңыланган банкноттор жүгүртүүгө акырындык менен киргизилген. 2000-жылы 200, 500, 1000 сомдук жогорку номиналдагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

Тыйындар. Кыргызстанда биринчи жүгүртүүдөгү тыйындар 15 жылдан кийин гана «кагаз акчанын» ордун басты. 10 жана 50 тыйын, 1, 3, 5 (2008-ж.) жана 10 сом (2009-ж.) номиналындагы металл тыйындар кагаз купюраларынын тез эскиришинен улам чыгарылган. Кагаз акчалардын эскириши жүгүртүүдө эң көп суроо-талапка ээ болгон төмөн номиналдагы банктотторго байланыштуу болгон. 2014-жылы номиналы 10 сом болгон капталында жазуусу бар тыйындар жүгүртүүгө чыгарылган.

IV сериядагы улуттук банкноттор

Улуттук валютанын 2009-2010-жылдардагы банкнотторунун төртүнчү сериясы 5000 сом болгон, ал 2009-жылы жүгүртүүгө чыгарылган. Андан кийин 20, 50, 100, 200, 500 жана 1000 сомдук жаңыланган банкноттор акырындык менен жүгүртүүгө киргизилген. Төртүнчү сериядагы банкноттор оригиналдуу дизайнга жана жакшыртылган коргоо элементтерине ээ.

2017-2018-жылдары 20, 50, 100, 200, 500, 1 000 жана 5 000 сомдук номиналдагы 2016-жылдын үлгүсүндөгү IV сериядагы модификацияланган банкноттор жүгүртүүгө киргизилген. Бул сериядагы бир катар банкноттор «маска» элементин алышкан - жарыкта «сом» деген сөз пайда болот. (20, 50 жана 100 сомдук банкнотторду кошпогондо).

2000 сом номиналындагы эстелик банкнот

2017-жылы Улуттук банк өлкөдөгү маанилүү окуялардын урматына 2000 сом номиналындагы эстелик вертикалдык банкнотту жүгүртүүгө чыгарган:

  • Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы;
  • Улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгенине 25 жыл.

Бул банкнот оригиналдуу дизайнга ээ жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын чагылдырат.
V сериядагы банкноттор

2023-жылдын үлгүсүндөгү банкноттордун юбилейлик сериясы 2023-жылдын 10-майында жүгүртүүгө киргизилген жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган. Ал кыргыз сомунун эволюциясын чагылдырат. Бул сериядагы банкноттор (200, 500 жана 1000 сом) жаңыланган дизайнга жана коргоо элементтеринин эффективдүү топтомуна ээ. Аларда искусствонун жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери, республиканын көрүнүктүү жерлери бар. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөрүүсүз калган.

2024-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын үлгүсүндөгү улуттук валютанын V сериясындагы 20, 50 жана 100 сом номиналындагы банкнотторду жүгүртүүгө киргизет. Алар IV сериядагы банкноттордун запастарын пландуу толуктоонун алкагында акырындык менен жүгүртүүгө киргизилет.

Жакынкы арада Кыргызстан өз акчасын басып чыгара баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирген. Ал белгилегендей, бул багытта иштер жүрүп жатат жана керектүү жабдуулар буга чейин сатылып алынган. 

#gmwkyrgyzstan2024

638
2024-03-14T10:30:03+06:00