Кыргызстандын жараны Орусиядан кантип насыя алса болот?

Көптөгөн чет элдик жарандар орусиялык банктардан насыя алууда кыйынчылыктарга туш болушат. Көбүнчө баш тартууга насыя алуучунун төлөй албагандыгы эмес, банк анын кредиттик тарыхын изилдей албагандыгы жана анын каржылык ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматынын жоктугу себеп болот.
Банк системасы кардардын так «финансылык портретине» маани берет: анын кирешеси канчалык туруктуу экендигинде, акчаны кантип башкарарына, милдеттенмелерди кандай аткарарына карайт. Адатта, бул маалымат кредиттик тарых бюросунда сакталат жана бул банктарга кардар тууралуу бардык инструкцияларды тез билүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстанда банктар «Ишеним» КБ кызматын колдонушат, бирок чет элдик банктар, мисалы орусиянын банктарына мындай маалымат жеткиликтүү эмес.
ЕАЭБде кредиттик тарыхчаларды алмашуу иштебейт
Эске салсак, 2022-жылдын февралында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кредиттик тарыхка кирген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууга кол коюшкан, ал эми 1-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кредиттик тарыхка кирген маалымат алмашуунун тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун караган.
«Келишим ЕАЭБ өлкөлөрүнүн резиденттери ЕАЭБдин башка өлкөсүндө турганда, ошол ЕАЭБ өлкөсүнүн аймагында жайгашкан финансы-кредиттик мекемеден кредиттик продуктыларды алуу үчүн кайрылган учурда, алардын кредиттик отчетун суроо жана алуу мүмкүнчүлүгүн карайт», — деп билдиришти КРнын ЖК.
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кредиттик тарыхка кирген маалыматтарды чек аралык алмашууга катышуучу ыйгарым укуктуу уюмдар: «Кредиттик бюро «Ишеним» ЖАК, «Кредиттик бюро Сэйф энд Саунд» ЖАК жана ошондой эле «Биринчи кредиттик бюро» ЖЧКсы (2025-жылдын апрель айында жоюлган).
Кредиттик тарыхты алмаштыруу карыз алуучунун алты айга чейинки мөөнөткө берилген жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана мүмкүн экендиги белгиленген. Бул жеке адамдарга да, юридикалык жактарга да тиешелүү. Маалыматтарды өткөрүп берүү мамлекеттик мыйзамдар менен жөнгө салынат жана бюролордун ортосундагы тиешелүү макулдашууларды жана жөнгө салуучу органдардын бекитүүсүн талап кылат.
Бирок Banks.kg полрталынын суроосу боюнча «Ишеним» кредиттик бюросу ЕАЭБдин банктарында кыргызстандыктардын кредиттик маалыматы дале жеткиликтүү эместигин билдирди.
«Бүгүнкү күнгө чейин катышуучу-өлкөлөрдүн жөнгө салуучу органдары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда кредиттик маалымат алмашуу механизмин жана тартибин иштеп чыга элек жана макулдашылган эмес», - деп белгиледи ЖАК «Ишеним» кредиттик бюросу.
Ушундай эле суроого Кыргызстандын Улуттук банкы макулдашуу боюнча иштер дагы да уланып жатканын билдирди.
«2023-жылдын 19-июнунда «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кредиттик тарыхты түзгөн маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө макулдашуу» күчүнө кирген. Бүгүнкү күндө макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу, анын ичинде укуктук жана техникалык механизмдерди иштеп чыгуу боюнча иштер улантылууда. Бул маселелер Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча Консультативдик комитетинин алдындагы тиешелүү жумушчу топтун (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кредиттик тарыхка киргизилген маалымат алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу маселеси боюнча жумушчу топ) ишинин алкагында иштелип чыгууда», - деп түшүндүрдү Улуттук банктан.
Демек, бул багытта иштер эки жылдан бери уланып, ал эми сүйлөшүүлөр 2022-жылдан бери жүрүүдө, башкача айтканда, үч жылдан бери Орусияда жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө иштеген Кыргызстандын жарандары Жумушчу топтун процессинин узакка созулганына байланыштуу чет элдик банктардан оңой эле насыя алууга мүмкүнчүлүктөрү жок болууда.
Мындан чыгуунун жолу бар!
Орус банктарында кыргызстандыктардын кредиттик тарыхы тууралуу маалымат жок болгондуктан, кыйынчылыктар жаралууда. Резидент эмес статусу, туруктуу каттоосу, идентификациялык номери же расмий жумушу жок болсо, кошумча этиятты жаратат.
Насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн эксперттер адегенде чет элдик банкта дебет картасын ачып, аны активдүү колдонууну сунушташат. Мисалы, эмгек акыны картага алуу, сатып алуулар, которуулар төлөө тарыхын түзүүгө жардам берет жана банкка кардарга ишенүүгө негиз берет. Ошентип, толук кредиттик тарых да убакыттын өтүшү менен калыптана баштайт.
Кыргызстандын жарандары ЕАЭБдин катышуучулары катары Орусиянын көпчүлүк ири банктарында учурдагы эсеп жана банк картасын ача алышат. Алардын арасында «Сбербанк», «Тинькофф», «ВТБ», «Альфа-Банк», «Почта Банк», «Совкомбанк» жана башкалар бар.
Талдоолордун негизинде, ар кандай банктарда резидент эместерди тейлөө шарттары бир аз айырмаланышы мүмкүн, бирок негизги талаптар болжол менен бирдей: сизде паспорт, кирүү максаты бар миграциялык карта, жашаган жерден убактылуу каттооңуз болушу керек. Кээ бир учурларда сизге салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, эмгек келишими же орус SIM картасы да керек болот.
Эгер насыя азыр кереги жок болсо да, алдын-ала каржылык тарыхты курууну баштоо үчүн жакшы. Бул келечекте көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачат – кредит алуудан башка банктык кызматтарды колдонууга чейин.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.