Акчаны үйдө сактайсызбы? Алынбай калган 800 доллар пайда тууралуу ойлонуп көрүңүз

Акча иштеп турушу керек
«Дюймовочка» жомогундагы көз айнекчен курт эсиңиздеби? Бул каарман өтө сарамжал жана эсепчил болчу. Ал акчаны эсептегенди билчү, ал каражатты туш-келди коротпостон, топтоп, кирешелүү иштерге жумшаганды жактырчу. Мунун аркасы менен анын капиталы акырындан өсүп турган. Курттун аракеттери көрсөткөндөй, акчаны акыл менен башкаруу — туруктуулук менен ийгиликтин ачкычы.
Айтмакчы, Banks.kg порталында Скрудж Макдак болуп калсаңыз эмне кылуу керектиги тууралуу материал жарыяланган. Анда кеңештердин арасында каражатты инвестициялоо зарылдыгы да айтылат.
Акчаны «жаздык алдында» сактоо — киреше табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Депозиттеги кичинекей пайыз дагы убакыттын өтүшү менен топтолгон сумманы көбөйтөт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы коммерциялык банктарда АКШ долларындагы жылдык депозиттин орточо пайыздык чени 1-2%ды түзөт. Бирок кээ бир банктар 4% киреше сунуштап жатышат, ошондуктан эсептөөлөрдү бул эң жагымдуу шартка негиздеп көрөлү.
Келгиле, эсептеп көрөбүз?
Үйүңүздө ар кандай өлчөмдөгү доллар сакталуу болсо, канча киреше табууга болот?
- Эгерде сизде 100 доллар болсо, бир жылдан кийин 104 доллар ала аласыз. Анча деле көп эмес деп ойлошуңуз мүмкүн? Бирок ошол эле 4 долларды бүгүнкү банктардагы орточо курс — 87,3 сом менен көбөйтсөк, киреше 350 сом болот, бул акчаны үйдө эмес, банкта сактаганыңыз үчүн гана.
- 1000 доллардан киреше көбүрөөк — 40 доллар же 3 500 сом.
- Эгер 2 000 доллар салсаңыз, 80 доллар табасыз (7 000 сом).
- 5 000 доллар менен 200 доллар, бул 17 400 сом.
- Эгерде үйдө жөн эле жата берген 20 000 доллар болсо (ишенүү кыйын, туурабы?), бир жылда 800 доллар (болжол менен 70 000 сом) табууга болот.
Биз доллардын сомуна болгон орточо курсу катары - 87,3 сомду алдык. Мисалы, Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) 2027-жылы доллардын сомуна болгон орточо жылдык курсу 93,1 сом болушу мүмкүндүгүн божомолдоп жатат. Демек, валютанын айырмасынын эсебинен сом түрүндөгү киреше келерки жылы мындан да жогору болушу мүмкүн.
Эске салсак, буга чейин Banks.kg порталы насыя алып, аны депозитке салып пайда табууга болобу деген тема боюнча да макала жарыялаган.
Үйдөгү акча = жоготулган пайда
Тажрыйба көрсөткөндөй, акчаны үйдө сактоо — эң коопсуз жол эмес. Анткени алдамчылар ар дайым аракетте. Уурдалып кетүү, жоготуп алуу же жабыркашы сыяктуу коркунучтар ойлогондон да жогору.
Жогорудагы эсептөөлөрдөн кийин үйдө сакталган акчадан канча пайда жоготуп жатканыңызды ойлонбой койбойсуз: коопсуз эмес жерде жаткан акча иштебейт, көбөйбөйт жана сиздин финансылык максаттарыңызга жардам бербейт.
Депозитке салуу — топтогон каражатты иштетүүнүн жөнөкөй жана натыйжалуу жолу. Келечек жөнүндө бүгүн кам көрүңүз — долларларыңызды банкка салыңыз, киреше табыңыз жана финансылык абалыңызды чыңдаңыз!
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.