Жаңы жана пайдаланылган унаалар үчүн эң мыкты топ-10 унаа насыясы

Кыргызстанда банктар жана финансы мекемелери ата мекендик өндүрүштөгү автоунааларды жана электромобилдерди сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыялардын кеңири спектрин сунуштайт.

Жаңы жана пайдаланылган унаалар үчүн эң мыкты топ-10 унаа насыясы

Биз 2025-жылдагы жаңы жана эски унаалар үчүн Топ-10 автокредиттердин түрлөрүн айтып беребиз.  

Жаңы унааларды сатып алуудагы кредиттер 

1. «Автокредиттин жеңилдетилген каржылоосу» — «Элдик Банк» ААК

Банк өлкөдө өндүрүлгөн жеңил жана жүк ташуучу унааларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген каржылоону сунуштайт.

Шарттары:

  • Валюта — сом;
  • Суммасы: 3 млн сомго чейин (жеке жактарга) жана 100 млн сомго чейин (юридикалык тараптарга);
  • Мөөнөтү — 60 айга чейин;
  • Пайыздык чен — жылдык 8% (эффективдүү —  8,45%дан баштап);
  • Баштапкы төлөм—  20%дан баштап;
  • Камсыздоо: алынып жаткан унаа же кыймылсыз мүлк.

2. «Улуттук авто» —   «Айыл Банк» ААК

Ата мекендик өндүрүштөгү «ДТ Техник» автоунааларын сатып алууну каржылоо.

Шарттары:

  • Валюта — сом;
  • Суммасы:  5 млн сомго чейин (жеке тарапка) жана 300 млн сомго чейин (юридикалык тараптарга);
  • Пайыздык чен — жылдык 8% (эффективдүү — 8,29%дан баштап);
  • Төлөм — 20дан – 30%га чейин;
  • Күрөө — алынган унаа;
  • Милдеттүү камсыздандыруу.

3. «Эко-транспорт» — МКК «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК

КРнын Финансы министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылган электр жана гибриддик унааларды сатып алуу программасы.

Шарттары:

  • Валюта — сом;
  • Суммасы: 1 млн сомго чейин (электро) / 1,5 млн сом (гибрид);
  • Мөөнөтү — 36 айга чейин;
  • Пайыздык чени — жылдык 12%га чейин;
  • Камсыздоо — алынып жаткан унаа;
  • Жеңилдетилген мезгил бар.

4. «Салондон унаа сатып алуу» — «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК

Расмий автосалондордон «Перекресток», «Азиямоторс», «Эстокадо» жана «Киа Моторс» унааларын гасыяга алуу.

Шарттары:

  • Суммасы — 350 000ден 7 млн сомго чейин;
  • Мөөнөтү — 6 – 60 ай;
  • Пайыздык чен — жылдык 20 – 21% (сом) / 11 – 12% (доллар);
  • Эффективдүү чен — 21,94%дан баштап;
  • Камсыздоо: алынып жаткан унаа + кепилдик.

5. «Өнөктөш-салондордон машина сатып алуу» — «Бакай Банк» ААК

Toyota, Lexus, BMW, KIA жана Ravon «Перекресток», «Эстокада» жана  «Бедачи» жаңы унааларын сатып алууга кредит. 

Шарттары:

  • Суммасы — 12 млн сомго чейин;
  • Мөөнөтү — 60 айга чейин;
  • Пайыздык чени — 22% жылдык (сом) / 13% (доллар);
  • Эффективдүү чен — 24,32%га чейин сом менен;
  • Башьтапкы төлөм — 20%дан баштап;
  • Электромобилдер үчүн — 22%дан баштап.

Колдонулган унаалар үчүн насыялар

6. «Колдонулган унааларды сатып алуу үчүн» — «Кыргызкоммерцбанк» ААК

Насыялар колдонулган унаалар үчүн гана.

Шарттары: 

  • Суммасы — 7 млн сомго чейин же доллардын эквиваленти менен;
  • Пайыздык чени — жылдык 19% (сом) / 13% (доллар);
  • Мөөнөтү — 60 айга чейин;
  • Камсыздоо — алынган унаа жана ишенимдүү адам;
  • Арызды кароо — 5 күнгө чейин.

7. «Автокредиттөө» — «Айыл Банк» ААК

Жаңы жана эски унааларды сатып алууга кредиттер.

Шарттары:

  • Суммасы — 500 000 сомдон баштап;
  • Мөөнөтү — 60 айга чейин;
  • Пайыздык чен — жылдык 19% (эффективдүү 20,94%);
  • Төлөм: 5 жылга чейин — 30%, 5–10 жыл — 40%, 11–15 жыл — 50%;
  • Камсыздоо — унаа + ишенимдүү адам;
  • Милдеттүү камсыздоо 

8. «Автокредит» — «Бай-Түшүм» ААК

Ишенимдүү адамы жок жаңы жана колдонулган унаа кредиттери. Унаалардын эскилиги - 12 жылдан ашпоого тийиш жана Кытай, Өзбекстан же Орусияда өндүрүлгөн эмес жана 3 жылдан ашпоого тийиш.

Шарттары:

  • Валюта — сом;
  • Суммасы: 100 000ден 2 млн сомго чейин (800 000 сомго чейин — колдонулган унаа);
  • Мөөнөтү — 3 – 60 ай;
  • Пайыздык чен – жылдык 20,50%;
  • Күрөө — алынган унаа.

9. «Унаа сатып алуу үчүн стандарт» — «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК

Жаңы жана колдонулган унааларды сатып алуу программасы.

Шарттары:

  • Суммасы — 50 000 сомдон баштап;
  • Мөөнөтү — 6 – 36 ай;
  • Пайыздык чени —жылдык 22 – 24% (эффективдүү 24,36 %);
  • Төлөм: жаңы — 30%, 5 жылга чейин — 40%, 5 жылдан ашкан  — 50%;
  • Камсыздоо: авто / кыймылсыз мүлк / ишенимд адам.

10. «Автокредит» — «Мбанк» ААК

Жеке тараптарга жана жеке ишкерлерге жаңы же эски унаа сатып алуу үчүн насыялар.

Шарттары:

  • Валюта — сом;
  • Суммасы — 250 000ден 5 млн сомго чейин;
  • Мөөнөтү — 60 айга чейин;
  • Пайыздык чен — жылдын  23%дан баштап (эффективдүү 34,06%);
  • Камсыздоо — унаа же кыймылсыз мүлк.

Автокредит тандоодо каржылык мүмкүнчүлүктөрүңүздү жана максаттарыңызды кылдаттык менен баалоо маанилүү. Ар кандай банктардын шарттарын салыштырып көрүңүз — суммасын, мөөнөтүн, пайыздык ченин жана күрөөгө болгон талаптарын. Кошумча төлөмдөргө жана мөөнөтүнөн мурда төлөөгө көңүл буруңуз. Үзгүлтүксүз төлөмдөр каржылык оорчулук жаратпаш үчүн бюджетиңизди пландаштырыңыз жана кирешеңиздин туруктуулугуна доо кетирбестен чыгашаларыңызды ыңгайлуу жабууга мүмкүндүк берүүчү насыяны тандаңыз.

#worldsavingsday 

#каражаттоптоо2025

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.