Ишкерлердин жеке жактарга же үчүнчү жактарга катталган электрондук капчыктарды, QR-төлөмдөрдү жана башка накталай эмес төлөм жолдорун колдонуусу мыйзам бузуу болуп саналат.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Экономика жана коммерция министрлигинин жооптуу кызматкерлерине proverka.gov.kg автоматташтырылган маалымат системасынын презентациясын өткөрдү.
Мамлекеттик салык кызматы көлөмдүү маалыматтарды талдоо жана булут тутумдарын колдонууга басым жасап, аудитордук ишмердүүлүгүнө заманбап технологияларды киргизүүдө.
19-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан «калктын жана ишкерлердин салыктык түйшүгүн азайтууга багытталган» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Президент Садыр Жапаров 16-июнда, Ысык-Ата районундагы «Асылташ Керамикс» цемент заводунун жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү аземинде сүйлөп жатып, мүлктү легалдаштыруунун жемиши тууралуу айтты.