Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Беш ай ичинде 2 млрд сомдон ашык кепилдик: ар бир үчүнчү сом өнөр жай тармагына багытталды

2026-жылдын башынан тартып 8-июнга карата «Кепилдик фонд» ААКсы жалпы суммасы 2 млрд сомдон ашкан 765 кепилдик берди. Кепилдик колдоосунун натыйжасында ишкерлер жана жарандар 6,7 млрд сом өлчөмүндө кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк алышты.

Беш ай ичинде 2 млрд сомдон ашык кепилдик: ар бир үчүнчү сом өнөр жай тармагына багытталды
Фото: www

Кепилдиктердин эң көп саны айыл чарба тармагына туура келип, жалпысынан 277 кепилдик берилди. Ошондой эле кепилдик колдоо транспорт тармагында, соода чөйрөсүндө иш алып барган субъекттер жана ипотекалык программалар аркылуу турак жай сатып алган жарандар арасында жогорку суроо-талапка ээ болду.

«Кепилдик фонд» ААКсы өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Жыл башынан бери өндүрүш секторунун ишканаларына 761 млн сомдон ашык суммадагы кепилдиктер берилди, бул жалпы берилген кепилдиктердин көлөмүнүн дээрлик 38 пайызын түзөт. Мындайча айтканда, кепилдик колдоосунун ар бир үчүнчү сому өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталды.

Ошондой эле соода тармагындагы ишкерлерге 463 млн сомдон ашык, транспорт тармагына 250 млн сомдон ашык кепилдик берилди. Ипотекалык кредиттөөнү колдоо үчүн 159 млн сомдон ашык кепилдик каражаты багытталды.

Кепилдик колдоосу өлкөнүн бардык аймактарын камтыды. Жыл башынан бери кепилдиктердин эң көп саны Баткен облусундагы ишкерлерге берилди - 128 кепилдик. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында да жогорку активдүүлүк байкалып, кепилдик инструменттери ишкердикти өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзүүдө.

«Кепилдик фонд» ААКсы бизнес менен калктын каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча ишин улантып, экономиканын артыкчылыктуу тармактарын колдоого жана өлкө аймактарынын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.