Документ тараптардын ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, атап айтканда, күрөө менен камсыздоо жетишсиз болгон учурда кепилдик берүү аркылуу кредиттерди алууга көмөктөшүү багытындагы өз ара кызматташуусун карайт.
Макулдашууга «Кепилдик фонд» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров жана «ОКСУС МФК» ЖАКсынын Башкы директору Данияр Байтороев кол коюшту.
Кол коюу аземинде тараптар бул кызматташтык эки финансылык институт үчүн тең өлкөдөгү ишкердикти, биринчи кезекте экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү өнүктүргөн ишкерлерди колдоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишеним билдиришти.
Бүгүнкү күндө «Кепилдик фонд» ААКсынын өнөктөштүк тармагы 29 финансылык уюмду камтыйт. Алардын катарына:
- 19 коммерциялык банк;
- 3 микрофинансылык компания;
- 2 микрокредиттик компания;
- Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду;
- Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фонду;
- Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду;
- Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык-кредиттик фонд.
«ОКСУС МФК» ЖАК менен кызматташтык туруктуу финансылык чөйрөнү калыптандырууга жана Кыргызстандагы ишкердик активдүүлүктү арттырууга багытталган дагы бир маанилүү кадам болот.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.