Инфляция
«Өлкөдө инфляциянын көрсөткүчү ушул жылдын башынан тарта КРнын Улуттук статистика комитети тарабынан кайра каралып чыккан керектөө индексин эсептөө үчүн жаңы керектөө себетинин негизинде эсептелет. Буга чейин инфляцияны эсептөө 2016-жылдагы 371 товарды жана кызмат көрсөтүүнү камтыган себетке негизделген. Бүгүнкү күндө 2024-жылга карата кайра каралган себет 487 товарды жана кызматты камтыйт, ал эми жаңы керектөө себеттин түзүмүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү 17%дан 24%га чейин көбөйдү», - деп билдирди КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубеков.
Ал белгилегендей, азык-түлүк үлүшү 45,4%дан 40%га азайган. Ушул жылы 13-февралга карата инфляция 1,8 пайызды тагыраагы жылдык 9,6пайызды түздү. Азык-түлүк баалары турукташканы менен, ички суроо-талап жана тышкы факторлордон улам кызмат көрсөтүүлөр менен азык-түлүк эмес товарлардын баасы жогору бойдон калууда.
«13-февралга карата азык-түлүк тобу 1,7%га өстү. Бул басаңдоо көбүнчө дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын динамикасы, ошондой эле өткөн жылы Улуттук банк жана министрлер кабинети тарабынан социалдык маанилүү товарлардын баасынын өсүшүн ооздуктоо боюнча көрүлгөн чаралар менен шартталган. Ошол эле учурда жыл башынан бери кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 3,6%га өсүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү 0,9%га көбөйдү. Жалпысынан инфляция фактору жогору бойдон калууда, тышкы тобокелдиктер жогорку туруксуздугун сактап турат», - деди Козубеков.
Ал белгилегендей, беш негизги азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баалардын кыймылын чагылдырган ФАО индекси төмөндөө тенденциясын көрсөтүп турат. Бул тенденция 2025-жылдын августунда башталып, 2026-жылдын январына чейин уланат. Бирок, тобокелдиктер жана жогорку глобалдык инфляция сакталууда.
«Дүйнөлүк мунай жана алтын рыноктору геосаясий факторлордун алдында өтө туруксуз бойдон калууда. Негизги фактор - бул биздин аймактагы кырдаал, айрыкча акыркы эки жылда инфляция кыйла жогору бойдон калууда», - деп кошумчалады төраганын орун басары.
Ал белгилегендей, аталган факторлордун экинчилик таасирлери инфляциялык таасирин тийгизүүнү улантууда.
«2025-жылы КРнын Улуттук банкы эсептик ченди 3 жолу 9%дан 11%га чейин көтөргөн. Аталган факторлорго байланыштуу экономикада инфляциялык басым сакталууда. Ошондой эле сырткы тобокелдиктер жана инфляция да сакталууда. Улуттук банк эсептик ченди 12%га чейин көтөрүү чечимин кабыл алды. Бул орто мөөнөттүү инфляцияны 5-7 пайыз чегинде сактоого багытталат», - деп билдирди Азат Козубеков.
КРнын экономикасынын өнүгүү динамикасы
Кыргызстандын экономикасында өсүш арымы жогору сакталып, 2026-жылдын январь айында ИДП 9 пайызга өстү. Акыркы эки жылда экономиканын реалдуу өсүшү 11%дан төмөн түшкөн жок. Өсүү экономиканын бардык тармагында байкалды.
Кызмат көрсөтүү, курулуш жана инвестициялардын көбөйүшү, ошондой эле калктын кирешесинин өсүшү ички суроо-талапты стимулдаштырып, инфляцияга кошумча басым жасоодо.
Белгилей кетсек, Улуттук банктын эсептик чен боюнча кийинки отуруму 27-апрелинде өтөт.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын январында финансылык жөнгө салуучу орган негизги ченди бешинчи жолу 9% деңгээлинде калтырган. Февраль, апрель жана май айларында чен дагы да өзгөртүүсүз калтырылган.
Июль айында Улуттук банкы негизги эсептик ченди 9 пайыздан 9,25 пайызга чейин көтөрүп, августта аны сактап калган. Октябрда чен 9,25%дан 10%га көтөрүлсө, ноябрда Улуттук банк негизги эсептик ченди 11%га көтөргөн.
2026-жылы январь айында Улуттук банк эсептик ченди 11% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.