Балдар үчүн банк картасы – бул балаңызды финансы дүйнөсү менен тааныштыруунун ыңгайлуу жана коопсуз жолу. Анын жардамы менен онлайн жана оффлайн режиминде сатып алууларды төлөө үчүн колдонсо болот. Балдар акчаны башкарууну, аны тең салмактоону жана чыгымдарын пландаштыруунун маанилүүлүгүн түшүнүнүшөт. Бул аларга кичинекейинен эле жоопкерчиликти жана каржылык сабаттуулуктун негиздерин калыптандырууга жардам берет.
Карта ата-энелер үчүн да артыкчылыктарды сунуштайт: алар мобилдик тиркеме аркылуу чыгымдарды көзөмөлдөй алышат, чектөөлөрдү коё алышат жана эсепти тез убакта толтура алышат. Бул курал күнүмдүк эсептерди жөнөкөйлөштүрүп гана тим болбостон, баланын акчаны аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү башкарууга карай биринчи кадамы болуп калат.
Учурда Кыргызстанда 21 коммерциялык банк иштейт, бирок алардын төртөө гана балдарга банк картасын ачууга уруксат берет. Балдарга картаны 6 жаштан баштап туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен ачууга болот.
MBANK Junior картасы MBANK банкынан
MBANK Junior картасы MBANK банкынан - Visa төлөм системасынын дебеттик картасы. Ал ата-эненин банк тиркемеси аркылуу берилет: баланы кошуп, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтүн жүктөп, баланын жынысын тандайсыз. Аны Tunduk кызматы аркылуу же оффлайн режиминде да берсе болот. Карта акысыз берилет, ал эми биринчи жыл тейлөө акысыз, андан кийин - 300 сом.
Тиркемеде «акча чогулткуч» функциясы жана тапшырма берүү системасы жеткиликтүү - бул ата-энелер балдарына тапшырмаларды берип анын аткарылышына жараша сыйлыктарды берүү мүмкүндүгүн берет. Бул оюн сыяктуу ыкма каржылык сабаттуулукту жана акчага жоопкерчиликтүү мамиле жасоого жардам берет.
«Элкарт» картасы Junior «Бай-Түшүм» ААК банкынан
«Элкарт» Junior «Бай‑Түшүм» Банкынан картасы – балдар үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын дебеттик картасы. Бул карта эки версияда чыгарылат - стандарттуу дизайн жана жекече дизайн. Балаңыз сүйүктүү анимесинен же тасмасынан каалаган сүрөт тандай алат.
Стандарттык картаны чыгаруу акысыз; шашылыш чыгаруу 150 сом турат. Биринчи жылы тейлөө акысыз, андан кийин 100 сом.
Ата-энелер BTB мобилдик банкинги аркылуу чыгымдарын көзөмөлдөй алышат, чектөөлөрдү коё алышат, карталарды бөгөттөй алышат жана эсептерин алыстан толуктай алышат.
DCB Kids картасы «Дос-Кредобанк» ААКсынан
DCB Kids картасы «Дос-Кредобанктан» - бул «Элкарт» платформасындагы дебеттик карта, балдарга кичинекей кезинен тарта каржылык башкаруу көндүмдөрүн үйрөнүүгө жардам берүү үчүн атайын иштелип чыккан. Картаны алуу акысыз жана биринчи же андан кийинки жылдар үчүн кошумча тейлөө акысы жок.
Карта онлайн-төлөмдөрдү, байланышсыз төлөмдөрдү, мобилдик банкингди жана SMS-билдирүүлөрдү колдойт. Каттоо банк бөлүмүндө паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү аркылуу жүргүзүлөт, андан кийин кардар картанын даяр болгону тууралуу билдирүү алат.
Optima Gold картасы «Оптима Банк» ААКсынан
Optima Gold картасы «Оптима Банктан» - Optima24 мобилдик тиркемеси аркылуу башкарылуучу 6 жаштан 16 жашка чейинки балдар үчүн дебеттик карта. Бул балдарга акчаны башкарууну үйрөнүүгө ал эми ата-энелер чыгымдарды көзөмөлдөөгө жардам берет. Колдонмо чоңдорго чектөөлөрдү коюуга, транзакцияларды карап чыгууга жана сатып алуулар жөнүндө эскертмелерди алууга мүмкүндүк берет.
Катталуу онлайн режиминде жүргүзүлөт: Optima24 тиркемесинин башкы барагында «Бала үчүн Optima Gold» баскычын тандап, «Катталууну» басыңыз. Каттоо Tunduk системасы аркылуу же кол менен жүргүзүлөт. Катталгандан кийин, бала Optima24 тиркемесиндеги картага кирүү мүмкүнчүлүгүн ала алат.
Карта акысыз берилет, жылдык тейлөө биринчи жылы акысыз, ал эми кийинки жылдары - 300 сом.
Кыргызстандагы балдардын банк карталары каржылык билим берүүнүн маанилүү куралына жана үй-бүлөлөр үчүн ыңгайлуу чечимге айланууда. Өлкөнүн банктары интуитивдик мобилдик тиркемелерди, ийкемдүү лимиттерди жана жагымдуу шарттарды сунушташат. Туура картаны тандоо менен ата-энелер балдарына каржылык көз карандысыздыкка жана жоопкерчиликтүү акчаны башкарууга карай биринчи кадамды таштоого жардам беришет.
Сиз Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү – 2025 кампаниянын алкагында даярдалган материалдар топтому менен тааныша аласыз:
- Төмөн пайыздык чен менен топ-10 керектөө кредиттери
- Кыргызстандагы алдыңы ондуктагы эң жогорку пайыздык чен менен депозиттер
- Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнө кошулуңуз! Бул коомдун каржылык жыргалчылыгына кошкон салым!
- Пайыз түшүп турган банк карталары: Алар кайсы банктарда жеткиликтүү?
- Депозиттерди коргоо агенттиги жана Capital Bank пенсионерлер менен жолугушуу өткөрдү
- Балдар үчүн топ-10 аманат: Кыргызстандын банктарынын сунуштары
- Балдардын чөнтөк акчасы: оюн, тартип жана финансылык сабаттуулук
- Окууга жана билим берүүгө топ-5 кредит – студенттер жана алардын ата-энелери үчүн
- Жаңы жана пайдаланылган унаалар үчүн эң мыкты топ-10 унаа насыясы
- Кыргызстандагы пенсионерлер үчүн топ-8 депозиттер: мыкты пайыздар жана шарттар
- 12 айга акчаны каякка салуу керек: Кыргызстандын топ-8 аманаты
#worldsavingsday
#каражаттоптоо2025

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.