Кыргызча жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргызстанда кредитордук карыз көбөйүп, банктардын насыялык карызы азайган
2025-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандын кредитордук карызынын жалпы көлөмү жыл башынан бери 0,6%га (5 млрд 67,7 млн сомго) көбөйүү менен 795 млрд 597,7 млн сомду түздү.
08:11, 12.08.2025Иш берүүчүлөр бош орундар тууралуу атайын порталга жарыялоого милдеттүү болушат
Эмгек министрлиги жумуш берүүчүлөрдүн бош орундар тууралуу маалыматты расмий порталга жайгаштыруу тартибин белгилеген токтом долбоорун даярдады.
06:04, 12.08.2025ТМЭШ салык органдарына ижарага берген батирлери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү
Мамлекеттик салык кызматы турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин (ТМЭШ) турак жана турак эмес жайларды ижарага берүү тууралуу маалыматты салык органдарына берүү боюнча ченем киргизүү сунушталып, коомдук талкууга коюлганын билдирди.
03:28, 12.08.2025Салыкчылар салык төлөөдөн качкан схемаларды аныктоо үчүн жаңы инструменттерге ээ болушат
Экономика жана коммерция министрлиги масштабдуу салык реформасын даярдоонун алкагында Салык кодексине жаңы негизги түшүнүктөрдү - «дистрибьютор» жана «бизнести атайылап бөлүп-жаруу» деген түшүнүктөрдү бекитүүнү сунуштоодо.
12:02, 11.08.2025Банктар салыкчыларга электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлгөн шектүү эсептер тууралуу билдирүүгө туура келет
Экономика жана коммерция министрлиги талкууланып жаткан салык реформасы боюнча мыйзам долбоорунун алкагында жеке жактарга катталган терминалдарды жана электрондук капчыктарды ишкердик ишмердүүлүктө пайдаланууга тыюу салууну сунуштоодо.
08:09, 11.08.2025Салык органдарына маалыматтарды берүүдөн баш тарткан банктарга айып пул салынат
Салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун алкагында, Экономика министрлиги Салык кодексине салык кызматына маалымат бербегендиги үчүн банктардын жоопкерчилигин белгилеген - 317-3 жаңы беренесин киргизүүнү сунуштоодо.
06:42, 11.08.2025Салык кызматы соттун чечимисиз жеке адамдардын эсептерине кирүү боюнча ченемди алып салды
Мамлекеттик салык кызматы коомчулукта талкуу жараткан жеке жактарга салыктык төлөм талаптарын коюу тууралуу мыйзам ченеми боюнча түшүндүрмө берди.
05:07, 11.08.20252027-жылдан тарта салыктарды санарип сом менен төлөөгө болот
Экономика жана коммерция министрлиги салыктарды санариптик валюта – санарип сом менен төлөөгө расмий уруксат берүү үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.
11:22, 08.08.2025Кыргызстандыктардын электрондук капчыктарынан салыктар алынып башташы мүмкүн
«Кыргыз Республикасынын салык чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун алкагында Экономика жана коммерция министрлиги жеке адамдардын электрондук капчыктарынан салык карыздарын өндүрүү механизмин киргизүүнү сунуштоодо.
08:27, 08.08.2025Кыргызстан QR-кодго өтүүдө: Улуттук банк накталай эмес төлөмдү кеңейтүүнү көздөөдө
КРнын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. Документ соода-тейлөө ишканаларында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде QR-коддор аркылуу төлөөнү өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.
06:00, 08.08.20252025-жыл: Wildberries платформасындагы Кыргызстандын топ товарлары
Кыргызстандык ишкерлердин Wildberries маркетплейсинде сатуулары январь айынан июль айына чейин 2024-жылдын экинчи жарымына салыштырмалуу акчалай түрдө 53%га жана буйрутмалардын саны боюнча 48%га өстү.
04:00, 08.08.2025Салык кызматы базарларда соода кылгандар үчүн патенттик системасын киргизет
Соода тармагындагы салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр, салык жүгүн азайтуу жана патенттик системага өтүү болуп саналат.
12:07, 07.08.2025Жасалма интеллект котормочу, дикторлордун ордун ээлей алат, бирок банкирлердин эмес
Microsoft компаниясынын «ЖИ менен иштөө: генеративдик ЖИнин кесиптик таасирин өлчөө» аталышындагы жаңы отчетунда жасалма интеллектти киргизүүдөгү эң аялуу жумуш орундары келтирилген.
09:02, 07.08.2025Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногундагы бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы «Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу башталганын билдирди.
06:04, 07.08.2025Кыргызстанда бизнес активдүүлүгүнүн индекси Казакстан, Россия, АКШ, Германия жана Сингапурга караганда жогору
Кыргызстанда бизнес активдүүлүгүнүн индексин (PMI, Purchasing Managers’ Index) изилдөө экинчи жолу жүргүзүлдү. Бул реалдуу убакыт режиминде экономиканын абалын жана динамикасын чагылдырган маанилүү экономикалык көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.
04:18, 07.08.2025Wildberries сатып алуучулар үчүн кешбэк программасын ишке киргизди
Бириктирилген Wildberries and Russ компаниясынын басма сөз кызматы билдиргендей, эми атайын «кешбэк» белгиси менен белгиленген товарларды сатып алууда колдонуучулар бонустук упайларды – «жемиштерди» ала алышат.
03:16, 07.08.2025Кыргызстандын жараны Орусиядан кантип насыя алса болот?
Орусияда насыя алгыңыз келип, бирок сизге берилерине ишенбей жатасызбы? Чет элдик банктарда сиздин кредиттик тарыхыңыз жок, бирок биз сизге банктарды сизге ишенүүгө ынандыруу үчүн финансылык репутацияны кантип куруу керектигин айтып беребиз.
10:49, 06.08.2025Криптовалюталык P2P-алмашуудагы төлөм учурунда алдамчылыкты кантип билүү керек?
Алдамчылар акча алуу үчүн жокко чыгарылган же мөөнөтү өтүп кеткен буйруктарды колдонгон алдамчылык аракеттер көбөйдү. Алар транзакциянын дагы эле активдүү экенин көрсөтүү үчүн жасалма скриншотторду колдонушат жана транзакция жокко чыгарылгандан же мөөнөтү бүткөндөн кийин да колдонуучуларды акча каражаттарын жөнөтүүгө ынандырат.
07:15, 06.08.2025Салыктар каякка кетип жатат? Буга жаңы интерактивдүү кызмат жообун берет
Мамлекеттик салык кызматы жаңы интерактивдүү онлайн кызматты ишке киргизди. Бул сервис ар бир жаранга өзүнүн төлөгөн салык акчаларынын коом үчүн кандай маанилүү долбоорлорго жумшалаарын көрсөтөт.
04:01, 06.08.2025«Кепилдик фонд» ААКсынын тейлөө сапатына өнөктөштөрдүн канааттануу деңгээли 88% ашты
«Кепилдик фонд» ААКсы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына канааттануу деңгээлин баалоо максатында өнөктөш банктар жана финансылык уюмдар арасында сурамжылоо жүргүздү. Изилдөө QuestionPro платформасын колдонуу менен уюштурулган. Сурамжылоого 20 финансы уюм катышты.
03:28, 06.08.2025Керектөө насыялары банк секторунун кыймылдаткычы бойдон калууда
Кыргызстандын банк секторунун кредит портфелинин көлөмү 2025-жылдын 30-июнуна карата жыл башынан бери 22,4%га өсүү менен 416,9 млрд сомго жетти.
12:12, 05.08.2025Электрондук капчыктарга байланган банктык карталар жаңы мейкиндикти ачат
КРнын Улуттук банкы тарабынан сунушталган жөнгө салуунун максаты болуп, накталай эмес төлөмдөр чөйрөсүндөгү инновациялык продукттарды киргизүүгө тоскоолдук кылган ченемдик тоскоолдуктарды жоюу саналат, атап айтканда – электрондук капчыктарга функционалдык жактан байланган банктык карталарды чыгаруу.
09:13, 05.08.2025Улуттук банк каржы рыногун өнүктүрүү үчүн Ачык API бирдиктүү стандартын колдонууну сунуштады
Демилгенин негизги максаты – Кыргызстандын финансы рыногунун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү стандарттарын киргизүү, санариптик сервистердин ачыктыгын, ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле финансы рыногунда инновацияларды жана атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
05:25, 05.08.2025АКШдагы акча которуудагы жаңы салыктын таасири кандай болот?
АКШ 2026-жылдын январынан тарта акча которуу кызматын көрсөтүүчүлөргө жана мобилдик тиркемелер аркылуу жөнөтүлгөн акча которууларга жаңы 1% салык киргизет. Азия өнүктүрүү банкынын Экономикалык изилдөөлөр департаментинин экономисттери АКШнын акча которууларына болгон салык боюнча суроолорго жооп беришти.
03:52, 05.08.2025Транспорт салыгы жана ага болгон карыз жоюлду — чечим кабыл алынды
Президент Садыр Жапаров «Калктын жана ишкердик субъекттердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду.
12:06, 04.08.2025Улуттук банктын жаңы токтому: Банктар үчүн азыраак тобокелдик, бизнес үчүн көбүрөөк колдоо
КРнын Улуттук банкынын токтому экспортерлорду жана импортерлорду кредиттөөнү стимулдаштыруу жана экономикалык өсүштү колдоо максатында, сооданы каржылоонун тобокелдиги төмөн операцияларды жүргүзүү үчүн коммерциялык банктардын капиталын жөнгө салуу жүгүн азайтуу максатында кабыл алынган.
08:12, 04.08.2025Кыргызстан кытай унааларына жана жабдууларына 164 миллион доллар коротту
Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү Кытай, Орусия, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан бойдон калууда. Бул өлкөлөрдөн ондон ашык категориядагы товарлар алынып келинет.
06:37, 04.08.2025Салык төлөө жөнөкөйлөтүлдү: эми QR-коддор жана онлайн-төлөмдөр жеткиликтүү
Мамлекеттик салык кызматы акыркы жылдары коммерциялык банктар жана мобилдик байланыш операторлору менен бирге салык милдеттемелерди мобилдик банкинг аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.
04:29, 04.08.2025Кыргызстанда жарым жыл ичинде валюталар курсу кандай өзгөрдү
2025-жылдын биринчи жарымында 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көпчүлүк чет элдик валюталардын кыргыз сомго карата курсунун төмөндөшү белгиленген.
12:19, 01.08.2025Салык кызматы мыйзамсыз ишкерлик кылгандарга 1,8 млн сом айып салды
Cалык кызматы каттоодон өтпөй, уруксат берүүчү документтери жок иш жүргүзүп жаткан бизнестерди аныктады.
10:31, 01.08.2025