КРнын Улуттук банкы кредиттик союздун Финансы компанияларынын ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө, тагыраагы кредиттик союздарга эле эмес, жеке жана юридикалык жактарга да кредит берүү укугун берүүчү токтом долбоорун даярдады.
Экономика жана коммерция министрлиги санариптик платформалар аркылуу иштеген жеке айдоочулар жана курьерлер үчүн лицензия алуу процессин жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.
КРнын Улуттук банкынын жаңы токтом долбоору төлөм уюмдары тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу процессин укуктук жөнгө салууну камсыз кылат, ошондой эле инновациялык төлөм кызматтарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп, калктын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтет.
Экономика жана коммерция министрлиги министрлер кабинетинин «Ломбарддардын ишмердүүлүгүнүн маселелери жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
КРнын Улуттук банкы антифрод-системасын жана шектүү транзакцияларга бөгөт коюуга банктарды милдеттендирди. Эми жөнгө салуучу орган электрондук төлөм инструменттерин, виртуалдык актив капчыктарын жана SIM-карталарды сатуу же өткөрүп берүү боюнча кардарлар менен түзүлгөн келишимдерге жоопкерчиликти, анын ичинде кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү көздөөдө.
Экономика жана коммерция министрлиги «КРнын кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
МСК укук коргоо органы статусуна ээ болгон жана салыктык мыйзам бузуулар боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзө турган салык кылмыштары менен күрөшүү боюнча адистештирилген Башкармалык түзүүнү пландаштырууда.
КРнын Улуттук банкынын акча алмашуу бюролоруна ички көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул чаралар өлкөдөгү каржылык агымдарга көзөмөлдү күчөтүү, уюшкан кылмыштуулукка жана мыйзамсыз иштин башка түрлөрүнө каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
КРнын Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Мыйзам бузуулар тууралуу билдирген жарандарга сый акы киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ал жол тыгындарын, мыйзамсыз таштандылар, адамдардын жана компаниялардын айлана-чөйрөгө болгон кайдыгер мамилеси боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Улуттук банк КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы «Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт.
Экономика жана коммерция министрлиги талкууланып жаткан салык реформасы боюнча мыйзам долбоорунун алкагында жеке жактарга катталган терминалдарды жана электрондук капчыктарды ишкердик ишмердүүлүктө пайдаланууга тыюу салууну сунуштоодо.
Экономика жана коммерция министрлиги салыктарды санариптик валюта – санарип сом менен төлөөгө расмий уруксат берүү үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.
КРнын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. Документ соода-тейлөө ишканаларында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде QR-коддор аркылуу төлөөнү өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, күрөөканалардын минималдык уставдык капиталын көбөйтүүгө багытталган долбоорунун коомдук талкуулоо башталганын билдирди.
КРнын Улуттук банкы токтом долбоорун сунуштады, анын максаты - экспорттоочуларды жана импорттоочуларды кредиттөөнү демилгелөө жана экономикалык өсүштү колдоо максатында иштелип чыккан.
Бул кадам исламдык финансылык кызматтарды сунуштаган финансы институттарында шарияттык башкарууну жөнгө салууга, ошондой эле салттуу жана исламдык финансы-кредиттик уюмдар үчүн бирдей укуктук чөйрөнү түзүүгө багытталган.
КРнын МинКабы жана Улуттук банктын токтом долбоорунда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу жана маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Өзгөртүүлөр программанын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.