Темалар боюнча жаңылыктар: статистика
Жаңылыктар
Баалар өсүүдө: Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөр 10%дан ашыкка кымбаттады
2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтер 2025-жылдын декабрына салыштырмалуу 7,6%га өстү, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы мындан да жогорулады.
10:06, 16.09.2026Кыргызстан товардык жүгүртүүнү 10 млрд долларга чейин көбөйттү
Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 2026-жылдын январь-июль айларында 10 млрд долларга жетти. 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу соода көлөмү 7,7%га өстү.
17:33, 15.09.2026IFAD рекорддук акча которуулар тууралуу: 1,1 млрд адамдын жашоосун 220 млн мигрант камсыздайт
14-сентябрда Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (IFAD) «2026-жылы үйгө акча жөнөтүү. Акча которуулардан тышкары: куткаруучу каражаттан туруктуулукка – бир үй-бүлөдөн баштап» аттуу жаңы баяндамасын жарыялады. Анда мигранттардын акча которуулары жөн гана каржылык жардамдан экономикалык туруктуулуктун күчтүү куралына айланганы белгиленет.
15:01, 15.09.2026Кыргызстандын ИДПсы 1,3 трлн сомдон ашты
Кыргызстандын экономикасы бир топ өсүп, айрым көрсөткүчтөр жарымынан көбүнө жогорулады. Сегиз айдын жыйынтыгы боюнча жаңы маалыматтар эң тез өсүү кайсы тармакта болгонун көрсөттү.
14:17, 14.09.2026Кыргызстандыктардын пенсиялары октябрдан тарта канчага көбөйөт
Кыргызстанда пенсиялар кайрадан эсептелет: октябрдан тарта төлөмдөр кеминде 1 000 сомго көбөйөт. Бирок мындан тышкары, пенсиянын жаңы минималдуу өлчөмү сыяктуу башка маанилүү өзгөрүүлөр да бар.
13:11, 14.09.2026Кичинекей кыргызстандыктарга «Бала ырысы» жөлөк пулу боюнча 285,6 млн сом багытталды
Кечээ, 10-сентябрда «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулунун кезектеги төлөмүн каржылоо жүргүзүлдү. Аталган жөлөк пул төрөлгөндөн тартып үч жашка толгонго чейинки балдарга берилет.
11:02, 11.09.2026I жарым жылдыкта Кыргызстандын каржы секторунун кирешеси 60%га өстү
Кыргызстандын финансы сектору таасирдүү өсүүнү көрсөттү. Тармактын жалпы кирешеси 166 млрд сомдон ашып, ал эми кардарлардын саны 26 миллион адамга жетти.
10:46, 10.09.2026Ысык жана чыр-чатактар инфляцияны тездетүүдө: баалар дээрлик төрт жылдагы эң жогорку чекке жетти
Август айында дүйнөлүк азык-түлүк баалары 2022-жылдын аягынан берки эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Баарынан да кум шекерге болгон баа өстү.
17:09, 04.09.2026Биткоиндин баасы тездик менен өсүп жатат: абалга саресеп
3-сентябрда биткоиндин баасы кескин өсүп, 4,66% кошумча наркка ээ болду. Соода учурунда эң ири криптовалютанын баасы 80,88 миң долларга чейин көтөрүлдү.
11:47, 04.09.2026Эл арзан бензин алыш үчүн мамлекет 1 млрд сомдой каражатты субсидиялады
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда АИ-92 бензининин, дизель отунунун жана автогаздын жеткиликтүү бааларын кармап турууга субсидия механизми мүмкүндүк берүүдө. Эгер бул ушул темпте улана берсе, казынадагы каражатка олуттуу таасирин тийгизет.
16:08, 20.08.2026Кыргызстандыктардын капчыгы калыңдадыбы?
Кыргызстандыктардын кирешеси байкаларлык деңгээлде өстү. 2026-жылдын биринчи чейрегинде калктын номиналдык акчалай кирешеси 269,2 миллиард сомго жетти.
13:46, 18.08.2026Кыргызстандын жети айдагы тышкы соодасы 7,9 млрд долларга жетти
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларында товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,9 млрд долларды түздү.
15:42, 17.08.2026Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн рекорддук көрсөткүчтөрүн жарыялады
Министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн негизги көрсөткүчтөрүн жарыялады. Алдын ала баалоого ылайык, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1 триллион 172,7 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 11,1% болду.
14:36, 17.08.2026Кыргызстанда азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында керектөө баалары жана тарифтер өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу 6,7%га өстү.
15:07, 14.08.2026Кыргызстандын экономикасы өстү: жети айдын негизги көрсөткүчтөрү
Кыргызстандын экономикасынын өсүшү уланууда. 2026-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 1 трлн 172,7 млрд сомду түздү.
13:16, 14.08.2026Кыргызстанда азык-түлүктөр: эмне кымбаттап, эмнелер арзандады
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Орусия жана Казакстандагы азык-түлүктөрүнө болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүздү.
15:36, 13.08.2026Кыргызстанда пенсияга кеминде 1 000 сом кошулат
Пенсия октябрь айынан тарта жогорулап баштайт, бирок кошулуу ар кимге ар башка болот. Эмненин негизинде жогорулайт жана кимдер көп алып баштайт, тушүндүрөбүз.
17:02, 10.08.2026Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10 млрд долларга жакындады
31-майга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү 870,3 млрд сомду түздү (же 9, 95 млрд доллар).
14:42, 03.08.2026Жарым жыл ичинде шылуундар кыргызстандыктарды 7 миңден ашык жолу алдашкан
Кыргызстанда алдамчылык эң тез өсүп жаткан кылмыштын түрлөрүнө айланууда. Алты айдын ичинде мындай учурлардын саны бир жарым эседен ашыкка көбөйдү.
12:20, 30.07.2026Кыргызстанда жарым жыл ичинде валюталар курсу кандай өзгөрдү
Доллардын туруктуулугунун шартында бир катар валюталар сомго карата байкаларлык деңгээлде бекемделди. Өсүү жагынан орус рубли алдыда болду.
16:09, 29.07.2026Минкаб 15%га чейинки инфляцияга даярданууда: эмнелердин баасы азыртан кымбаттады
Кыргызстанда 2026-жылга карата инфляция күтүлгөн 9%дын ордуна 14–15%га жетиши мүмкүн.
16:02, 23.07.2026Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасы кескин жогорулады
21-июлга карата Кыргызстанда күйүүчү майдын бардык негизги түрлөрүнүн баасы байкаларлык кымбаттады. Анда АИ-95тин баасы 106 сомдон ашып, АИ-92 85 сомду түзүүдө, ал эми дизелдик отун 100 сомдук чекке жакындап калды.
12:01, 22.07.2026Кыргызстанда тамак-аш канча турат? Жаңы баалардын статистикасы
Июль айындагы азык-түлүктүн орточо баалары жарыяланды. Сатып алуучулар эт үчүн эң көп каражат коротушат, ал эми ун, нан жана сүттүн баасы салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда.
10:39, 22.07.2026Кыргызстан экономиканын башка тармактарына караганда кызмат көрсөтүүдөн көбүрөөк киреше табат
Кызмат көрсөтүү тармагы Кыргызстандын экономикасынын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. 2026-жылдын январь-июнь айларында бул тармактын дүң өндүрүшү 746,6 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,1%га өстү.
10:25, 21.07.2026Кыргызстанда жашоо үчүн эң аз дегенде канча акча керек? Статком жооп берет
2026-жылдын экинчи чейрегинде Кыргызстанда киши башына эсептелген орточо жашоо минимуму айына 9 873,28 сомду түздү.
12:00, 20.07.2026«Балага сүйүнчү» төлөмүн каржылоого 271 млн сомдон ашык каражат багытталды
2026-жылдын 1-июлуна карата бала төрөлгөндө берилүүчү «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү 67 468 балага дайындалды.
15:02, 17.07.2026Бир жумуш орунга дээрлик 14 адам: Кыргызстандын эмгек рыногунда атаандаштык күчөдү
Иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын жарыялап жатышат, бирок жумуш издегендердин саны андан да тез өсүүдө. 2026-жылдын экинчи чейрегинде Кыргызстандын эмгек рыногундагы атаандаштык олуттуу түрдө күчөдү.
11:38, 17.07.2026Кыргызстанда медианалык эмгек акы 46,3 миң сомго чейин төмөндөдү
2026-жылдын экинчи чейрегинде Кыргызстанда сунушталган медианалык эмгек акы 46 280 сомду түздү, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,5%га төмөн.
16:07, 16.07.2026Кыргызстандыктар дээрлик 52 миң сомдой айлык алып башташты
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында орточо айлык эмгек акы 51 888 сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ал 25%га өстү.
14:31, 15.07.2026Кыргызстандын өнөр жайы өсүүсүн тездетти
2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 374,7 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,4%га өсүүнү билдирет.
10:01, 09.07.2026