Темалар боюнча жаңылыктар: мыйзам
Жаңылыктар
Кыргыз ишкери 1 млн сомдук салыктык карызынан арылды
Башкы прокуратура салык органынын кызматкерлери тарабынан ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча мыйзамдын талаптарын аткарбоо фактысын аныктады.
12:01, 25.09.2026Кыргызстандыктарга опурталдуу жаранама тууралуу эскертилди
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жарандарды жана жарнама рыногунун катышуучуларын мыйзам талаптарын бузуу менен финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоого жол берилбестиги тууралуу эскертет.
13:16, 15.09.2026Кыргызстандагы товардык биржалар ачык-айкын болот: жаңы мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан заманбап биржалык сооданы өнүктүрүү багытында дагы бир кадам таштоодо. Жаңы мыйзам биржалык сооданы укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө жана уюштурулган товардык рыноктун заманбап тутумун өнүктүрүүгө багытталган.
11:07, 07.08.2026Жаңы мыйзам үй ээлеринин камсыздандыруу төлөмдөрүнүн кепилдиктерин күчөтөт
2026-жылдын 24-июлунда президент Садыр Жапаров тарабынан турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тутумун өркүндөтүүгө багытталган «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду.
13:31, 27.07.2026Кыргызстанда туркомпаниялар үчүн милдеттүү камсыздандыруу киргизилиши мүмкүн
Экономика жана коммерция министрлиги туристтик ишмердүүлүк субъекттеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун эрежелерин бекитүү тууралуу министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
15:14, 02.07.2026Салыктык эсептен чыгарууларды 10 эсеге көбөйтсө, үй-бүлөлөр үчүн эмне өзгөрөт
Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев жана депутат Мирлан Жеенчороев Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.
13:45, 22.06.2026Кайрымдуулук көзөмөлдө: жеке картага акча чогултууга тыюу салууну көздөшүүдө
Кайрымдуулук максатта каражат чогултуу эрежесин катаалдатуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду, анда муктаждарга жардам көрсөтөм деп алдамчылык менен алектенгендерге болгон жоопкерчилик күчөтүлмөкчү.
11:01, 12.06.2026Криптовалютаны Кыргызстандын банк системасына интеграциялоо пландалууда
Каржы сектору криптоактивдер рыногунда жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу мүмкүн: Улуттук банктын көзөмөлүндөгү банктар жана башка уюмдар үчүн операцияларды кеңейтүү боюнча талкуулар жүрүп жатат. Бул экономика үчүн эмнени билдирет?
16:43, 12.05.2026Бийлик керээз боюнча мураскорлорго карата тоскоолдуктарды алууну көздөөдө
Кыргызстанда каза болгон адамдын тууганы болбогондор үчүн керээз боюнча мураска жетүүнү жөнөкөйлөтүү сунушталды.
12:16, 11.05.2026Улуттук банк насыя алуучулар үчүн жаңы коргоо механизмин киргизди
Жаңы ченемдер карыздык жүктү эсептөөнүн катаал алгоритмин киргизип, кредиттердин, анын ичинде исламдык каржылоо принцибинин карамагындагы кредиттердин толук наркын ачыкка чыгарууну талап кылат жана керектөө кредиттери боюнча жалпы төлөмдөргө кредиттин суммасынын 60% өлчөмүндө чек коет.
15:33, 01.05.2026Кыргызстандын ишкерлери үчүн иштиктүү этиканын бирдиктүү кодекси даярдалууда
Бизнеске жаңы эрежелер сунушталды: Кыргызстанда ишкердик этиканын кодекси жана коррупцияга каршы багыттар иштелип чыгууда. Бул компаниялардын ишин кантип өзгөртөт жана мындай стандарттар эмне үчүн киргизилүүдө?
14:22, 14.04.2026Ислам насыялары тууралуу мыйзам долбоору ЖКда талкуу жаратты
Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Ислам принциптери боюнча каржылоо тутумун өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда.
10:04, 10.04.2026Улуттук банк ислам банкингинде виртуалдык активдер менен операциялар үчүн эскроу-эсебин киргизди
КРнын Улуттук банкы ислам каржылоо принциптери боюнча иштеген банктардын ишин жөнгө салуучу токтом кабыл алды. Документте тобокелдиктерди башкаруунун жаңы ыкмалары киргизилип, капиталга болгон талаптар жаңыртылды, бул финансы секторунун туруктуулугун камсыздоого багытталган.
13:46, 08.04.2026Кыргызстанда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуу шарттары катаалданат
Жөлөкпулдар кайра каралууда: эми кимге көбүрөөк төлөнүп баштайт жана ким мамлекеттен алган колдоосун жоготушу мүмкүн? Кыргызстанда эрежелерди катаалдаштыруу жана төлөмдөрдү көбөйтүү сунушталууда.
12:03, 07.04.2026Электрондук акчаны мурастоо мыйзамы Жогорку Кеңеште колдоо тапты
Электрондук капчыктагы каражаттар ээсинин көзү өтүп кетсе эмне болот? Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши биринчи кадамды жасады: санариптик каражатты мурастоо мыйзам долбоору колдоо тапты, бирок суроолор көп бойдон калууда.
12:03, 17.03.2026Мыйзамды билбегендик жоопкерчиликтен куткарбайт. Улуттук банк дропперлердин түрлөрүн санады
Заманбап алдамчылык схемасы аркылуу көбүнчө карапайым жарандар кылмыш ишине кириптер болуп калат. Дропперлер алдамчылык схемасындагы ролуна, катышуу ыкмасына жана канчалык деңгээлде түшүнүп катышканына жараша бөлүнөт.
16:46, 03.03.2026Негативдүү насыялык тарыхты сактоо мөөнөтү 2 жылга чейин кыскарышы мүмкүн
2-мартта Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда колдоого ээ болду.
14:44, 03.03.2026Сом менен гана соодалашуу: товардык биржалар жөнүндө мыйзам эмнени өзгөртөт
Жогорку Кеңештин кароосуна «Товардык биржалар жөнүндө» мыйзам долбоору сунушталды. Ал товардык биржа системасын модернизациялоого, сооданы электрондук форматка өткөрүүгө жана бирдиктүү, жөнгө салынуучу рынок инфраструктурасын түзүүгө багытталган.
14:09, 26.02.2026Эми электрондук капчыктарды мураска калтырса болот: Улуттук банк демилгени колдоду
Бүгүн, 24-февралда эсептик ченге арналган маалымат жыйынында Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова электрондук капчыктарды мурас катары өткөрүп берүү боюнча суроолорго жооп берди.
17:01, 24.02.20261840 сомго ММК полиси: камсыздандырылган жарандар кандай укуктарга ээ болушту
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
16:08, 23.02.2026КРнын Эмгек кодексине айлык акыны милдеттүү түрдө индексациялоону киргизүү сунушталууда
Эмгек акынын өсүүсү экономиканы кууп жетпей атабы? Кыргызстанда инфляция жумушчулардын кирешесин «жеп» кетпеш үчүн эмгек акыны милдеттүү түрдө индексациялоону калыбына келтирүү сунушталып жатат.
10:52, 17.02.2026Президент коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамына кол койду
Президент Садыр Жапаров «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.
15:33, 16.02.2026Тендерсиз: айрым сатып алуулар жеңилдетилген механизм менен ишке ашырылат
Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.
14:42, 30.01.2026«Таза баракка» ээ болуу мүмкүнчүлүгү: парламент кредиттик тарых боюнча өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды
Кечээ, 28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.
11:06, 29.01.2026Банктар үчүн план «Б»: Улуттук банк алардын финансылык чыңдоосу боюнча жаңы эрежелерди киргизди
Улуттук банк КРдеги коммерциялык банктарды финансылык жактан чыңдоо пландарын иштеп чыгууда бирдиктүү талаптарды киргизди. Жаңы жобо банктарды аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоону жана каржы секторунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн кризиске каршы аракеттенүү пландарын алдын ала даярдоого милдеттендирет.
11:53, 14.01.2026Кыргызстанда МФУдарды реформалоо: апрелден баштап эмне өзгөрөт?
КРнын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кире турган микрофинансылык уюмдарды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга негизги өзгөртүүлөрдү бекитти. Реформа рыноктун туруктуулугун жогорулатууга жана аны эл аралык тажрыйбага шайкеш келтирүүгө багытталган.
15:24, 12.01.2026Банктар салык агенттиги болушат. КРде чет элдиктердин транзакцияларына байланыштуу эрежелер өзгөрүүдө
Эл аралык акча которуулар эми «көрүнбөй» калбайт: Кыргызстанда банк тар жаңы башкарууга ээ болушат, ал эми чет элдиктердин операциялары - жаңы салыктык эреже болот. Эмне өзгөрөт жана ал кимдерге тиешелүү болот?
13:06, 09.01.2026Жогорку Кеңеш зергерлерге, тигүүчүлөргө жана машина алып-саткандарга жеңилдик берген мыйзамды жактырды
24-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
09:54, 25.12.2025Накталай эмес төлөмдөрдүн жаңы эрежелери: 2026-жылдан баштап бизнес үчүн эмне өзгөрөт
Мамлекеттик салык кызматы ишкердик жүргүзүүдө накталай эмес эсептешүүлөргө байланыштуу КРнын Салык жана Эмгек кодекстерине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берет.
10:17, 10.11.2025Кантип насыя алууда өзүнө-өзү тыюу салса болот: айтып беребиз
1-ноябрдан тарта Кыргызстанда жарандарды алдамчылыктан коргоо үчүн жаңы санариптик инструмент — насыя алуудагы өзүнө- өзү тыюу ишке киргизилди.
10:29, 06.11.2025