Новости по теме: Улуттук банк
Новости
Улуттук банк коммерциялык банктардын туунду жана көз каранды компанияларынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатты
Өзгөртүүлөр Кыргызстандагы банктарга өз ресурстарын эффективдүү колдонууга, тобокелдиктерди диверсификациялоого жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Ошону менен бирге, КРнын Улуттук банкы финансы системасына ишенимдүү көзөмөл жүргүзмөкчү.
11:18, 02.07.2025МинКаб менен Улуттук банк накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү программасын жаңылоону сунуштады
КРнын МинКабы жана Улуттук банктын токтом долбоорунда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу жана маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Өзгөртүүлөр программанын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
14:39, 27.06.2025Кыргызстандагы онлайн акча которуулар: комиссия албоо 2026-жылга чейин узартылышы мүмкүн
КРнын Улуттук банкы оң тенденцияны сактоо максатында мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу акча которуулар үчүн кошумча комиссия алууга тыюу салууну узартуу маселесин кароону пландаштырууда.
11:23, 25.06.2025Акча которуулардын аймактык рейтинги: лидерликте - Кыргызстандын түштүгү жана борбор калаа
2025-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга жалпы суммасы дээрлик 68 миллиард сомду түзгөн 2,8 миллиондон ашуун акча которуулары келип түшкөн. Акча которууларынын эң көп бөлүгү Бишкекке жана Ош облусуна туура келет.
13:49, 24.06.2025Биринчи кварталда Кыргызстанга дээрлик 68 миллиард сом акча каражаты которулган
Кыргызстанга 2025-жылдын биринчи кварталында 67 миллиард 934,8 миллион сом акча которуулары келип түштү. Ал эми чыгарылган акча которуулардын көлөмү 11 миллиард сомду түзөт.
12:33, 24.06.2025Банктар аялдардын ишкерлигин жана стратегиялык инвестицияларды колдоо үчүн жаңы инструменттерге ээ болушат
КРнын Улуттук банкынын токтому финансы-кредит уюмдарына ишкердик менен алектенген аялдарга каржылоону сунуштоосуна түрткү берүүгө багытталган. Документ жогорку рейтингге ээ уюмдардын гарантияларын эске алуу менен банктардын активдерин классификациялоо жана капиталдын жетиштүүлүгүн баалоо системасын өркүндөтүү, ошондой эле экономикалык өсүштү жана өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү максатында стратегиялык максаттарга багытталган ири көлөмдөгү чет элдик валютадагы кредиттердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу максатында кабыл алынган.
18:08, 23.06.2025Скрудж Макдак суктанат: кыргызстандыктар он жыл ичинде канча алтын куймасын сатып алышты?
КРнын Улуттук банкы Banks.kg редакциясына инвестициялык алтын куймаларынын жарандарга сатылышы, алардын келип чыгышы, стандарттары жана учурдагы рыноктук тенденциялары тууралуу кеңири маалымат берди.
18:47, 20.06.2025Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2024-жылга карата отчетун жактырды
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевдин 2024-жылдагы банктын ишмердүүлүгү тууралуу отчету угулду.
14:43, 19.06.2025Мелс Аттокуров: «Ачык платформалар, инклюзивдүү чечимдер жана санариптик инструменттерге болгон ишеним — заманбап каржы тутумунун негизин түзүшү керек»
КРнын Улуттук банкы каржы секторун өнүктүрүү боюнча комплекстүү стратегияны активдүү ишке ашырып жатат. Ал стратегия негизги багыттарга — каржылык кызматтарды санариптештирүүгө, финтехти жөнгө салууга, инновациялык экосистемаларды туруктуу өнүктүрүүгө көңүл бурат. Бул тууралуу BIFF-2025 форумунда КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров билдирди.
09:45, 17.06.2025Сом менен болгон депозиттердин өсүшү жана долларлашуунун төмөндөшү: Улуттук банктын аналитикасы
Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдын биринчи чейрегиндеги депозит рыногунун абалы боюнча маалыматтарды жарыялады.
18:06, 10.06.2025Кыргызстанда банк карталарынын саны дээрлик 10 миллионго жетти
2025-жылдын I кварталында жүгүртүүдөгү банк карталарынын саны 9,8 миллионго жетип, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,3 миллионго көбөйгөн (ал кезде 7,5 миллион болгон).
14:31, 09.06.2025Кыргызстанда дагы бир жеке банк пайда болушу мүмкүн
Ушул жылдын 3-июнунда КРнын Юстиция министрлиги тарабынан чет өлкөлүк катышуучу уюму менен «Мурас Банк» жабык акционердик коому каттоодон өткөн.
12:21, 09.06.2025Кыргызстан менен Кытайдын каржы институттары чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча маселелерди талкуулашты
Кечээ, 3-июнда Пекин шаарында Кытайдын Финансы министрлигинин аянтчасында КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев жана Финансы министри Алмаз Бакетаев менен Кытайдын Финансы министри Лань Фоань ортосунда эки тараптуу жолугушуу болду.
12:12, 04.06.2025Эмне үчүн Кыргызстандын банктарында доллар, евро, рубль, теңгеге альтернатива жок?
Кытай, Түркия жана Перс булуңунун өлкөлөрү менен активдүү экономикалык байланыштарга карабастан, Кыргызстандын банктарында доллар, евро, рубль жана теңге гана бар. Юань бир гана коммерциялык банкта жеткиликтүү.
14:33, 02.06.2025Улуттук банк 59,8 миллион АКШ долларына интервенция жүргүздү
Кечээ, 26-майда каржылык жөнгө салуучу орган валюта рыногунда АКШ долларын саткан. Бул быйылкы үчүнчү интервенция болуп эсептелет.
12:08, 27.05.2025КРнын Улуттук банкы эсептик ченди 9% деңгээлинде сактап калды
Кыргызстандын Улуттук банкы 26-майда эсептик ченди (негизги чен) 9% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 27-майдан тартып күчүнө кирет.
11:40, 27.05.2025Басып чыгаруудан майдалагычка чейин: Кыргыз сому кантип жашап, кантип жарактан чыгат?
КРнын Улуттук банкы улуттук банкноттордун эмиссиясына, сапатына жана жашоо циклине байланыштуу Banks.kg порталынын бир катар суроолоруна жооп берди.
18:15, 22.05.2025Улуттук банк Кыргызстандагы микрокредит рыногун кантип жөнгө салат?
Banks.kg КР Улуттук банкынан төмөнкү суроолорго жооп алды - кредиттерди берүүгө ким укуктуу, көбүнчө кандай мыйзам бузуулар аныкталат, насыя алуучулардын укуктары кандай корголот жана мыйзамсыз иштеген компанияларда кандай коркунучтар бар деген өңдүү суроолор.
14:42, 19.05.2025Лицензиясыз акча алмаштырган 22 кыргызстандыкка айып салынды
16-майдан19-майга чейин КРнын Улуттук банкынын Ош жана Баткен облусунун башкармалыгы тарабынан лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн 22 жаранга административдик чаралар көрүлдү.
10:57, 19.05.2025